• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды

5 Бирдин айы 2024 15:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жалпы өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 2 миң 685 бейтапты түзөт. «Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүу олот», — деди министр.

Ал белгилегендей, азыр Кыргызстандык адистер бөйрөк алмаштыруу боюнча Түрктияда окуудан өтүшүүдө.

Бейшеналиев түрк тарап менен бөйрөк алмаштыруу операцияларын Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Достугу» ооруканасында жасоо макулдашылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясы жасалган.

Количество просмотров: 118