• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Германияга барат

7 Жетинин айы 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт.

Бул иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөрүлөт.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот.

Белгилей кетсек, жогорудагы иш-чаралар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү этап болот. Германия республиканын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын бизнес-коомчулугунун 200гө жакын өкүлдөрү катышат.

Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди даярдоо, IT тармагындагы кызматташуу сыяктуу темаларда панелдик талкуулар өтөт. Бизнес-форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай, логистика, соода сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат. Мындан тышкары, германиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу бизнес долбоорлору сунушталат.

Ошондой эле кыргызстандык товарлардын көргөзмөсү тартууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлат.

Количество просмотров: 121