• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды

19 Чын куран 2024 16:53 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Казакстанга болгон расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды.

Токаев Кыргызстан терең жана тарыхый тамырлары менен байланышкан – боордош өлкө экенин баса көрсөттү.

Казакстандын президенти эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдөгү президент Садыр Жапаровдун ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Ал эки элдин жаркын келечеги үчүн түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык алака мындан ары дагы бекемделе берерин белгиледи.

Садыр Жапаров, өз кезегинде, Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл боордош казак элине жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечимин Кыргызстанга жана кыргыз элине карата өзгөчө сый-урмат катары көрөрүн белгилеп өттү.

Кыргызстандын президенти баса белгилегендей, І даражадагы «Достык» ордени эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, жөнгө салынган союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырастайт.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн жаңы доорунун босогосунда турганын ырастады. Ал бир тууган элдердин ортосундагы жакшы коңшулаштык жана түбөлүк достук байланыштарды чыңдоого багытталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз жана биргелешип иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи. Президент биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүк алакалар эгиз элдин кызыкчылыгында бекемделип, ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 77