• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров Инандынын уурдалышы боюнча пикирин билдирди

23 Тогуздун айы 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны уурдоого буга чейин бир нече жолу аракет болгонун маалымат жыйында билдирди.

«Биз бийликке келгенге чейин эле уурдоо аракеттери болгон. Декабрда так айта албайм, аны чакырып, аракеттер болгонун айтышкан. Ал бул тууралуу билерин мойнуна алган. Камчыбек Ташиев аны менен сүйлөшүп, жан сакчысы жок жүрбөөнү, жок дегенде 2-3 адам жанында болушу керектигин айткан. Биздин мамлекеттик органдар тарабынан да кемчиликтер кетти, алар убагында көзөмөлдөй албады. Бирок мындай коогалаңдуу убакта, революциялар болгондо, башка өлкөлөрдө да мындай болот», — деди ал.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар Инандыны Түркияга алып келгенин жарыялаган.

Количество просмотров: 2786