• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров инаугурациядан кийин өкмөт башчылыкты тапшырат

12 Үчтүн айы 2021 11:01 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгени расмий жарыяланса, ал өкмөт башчылык кызматка кайтпай, инаугурацияны күтөт. Мамлекет башчы катары ант берген соң өкмөт башчылыкты расмий тапшырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктын коштоосундагы бийлик алмашуудан кийин өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Андан соң президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кызматтарды тапшырган.

Учурда өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер министр Артем Новиков, президенттин милдетин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарууда.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

Количество просмотров: 1093