• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели

19 Аяк оона 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу интернеттеги чагым алдырбоого чакырды. Ал 19-сентябрь аза күтүү күнүнө карата кайрылуусунда анын кесепетинен кайсы бир өлкөлөр менен алака-катышка доо кетиши ыктымалдыгын эскертти

«Бүгүнкү күндө ок атышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр жаңырууда. Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет! Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели.»,-деди Жапаров.

Ал ошондой эле Баткенге барууга камданып жана үндөп жаткан жарандарга да кайрылды. Анда кыргыз армиясынын чек араны коргоо күчү жетерин белгиледи.

«Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер».

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салууда бери дегенде 59 адам мерт болду.

Количество просмотров: 125