• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ипотеканы баштапкы төлөмү жок жылдык 4% менен берүү пландалып жатканын айтты

8 Аяк оона 202511:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 70 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатканын айтты.

Ал ошондой эле бүгүнкү иш-чара Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдык мааракеси эле эмес, үйгө муктаж ар бир жараныбыздын жеткиликтүү жана татыктуу турак жайга ээ болушуна жол ачкан жаңы доордун башаты экенин айтты.

“Азыр биздин алдыбызда чоң-чоң пландар менен чоң-чоң милдеттер турат. Жогоруда аталган программанын алкагында каржылоо механизмдерин кеңейтүүбүз, үлүштүк курулушту мындан ары өнүктүрүүбүз зарыл. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жаш адистерге социалдык ипотеканы жылдык 4% менен жана баштапкы төлөмсүз берүүгө жетишели деп жатабыз. Мындай жеңилдик мамлекеттик кызматкерлер менен социалдык тармактагы кызматкерлерге дагы каралат”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал жеке жарандар үчүн жеткиликтүү ипотеканы жылдык 8% менен баштапкы төлөмсүз берүү пландары тууралуу да кошумчалады.

Количество просмотров: 184