• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Жапаров Ираклий Кобахидзе менен жолукту

12 Кулжа 202610:53 Бишкек Govori.TV

“Ынтымак Ордодо” Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу башталды.

Анын алкагында тараптар мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө басым жасап, соода-экономикалык, транспорт, логистика, туризм, билим берүү, маданият жана инвестиция тармактарындагы келечектүү багыттарды талкуулашууда.

Анда президент Садыр Жапаров Грузиянын өкмөт башчысына кайрылып жатып, бул сапарды жогору баалап, аны эки тараптуу кызматташуунун жаңы этабы деп атады. Ошондой эле Грузияны узак мөөнөттү кызматташтыкка негизделген ишенимдүү өнөктөш катары белгиледи.

Президенттин айтымында, кыргыз-грузин дипломатиялык мамилелери 1992-жылы түзүлгөн. 34 жылдын ичинде ал достукка, контструктивдүү диалогго жана өз ара колдоого таянган туруктуу мамилелерге айланды.

“Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдорду мындан ары тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кенейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берет деп ишенем. Эки өлкө бири-бири менен мамлекеттерде жасалып жаткан реформалардын алкагында тажрыйба алмаша алат”,-деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри күн мурун Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган.  Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.

Количество просмотров: 17