Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, иш сапары менен Анкара шаарына (Түркия Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна келип конду.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын туулары илинип, ардак кароол тизилген.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.
Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.