• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга келди

11 Жетинин айы 202310:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди.

Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз — Эр-Рияддын Губернаторунун орун басары тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.

Количество просмотров: 93