• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров иш сапарын токтотуп, Алматыдан Бишкекке келе жатат

2 Бирдин айы 2024 9:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу иш сапарын токтотуп, Алматы шаарынан Бишкекке учуп кетти.

Ал Бишкекке учуп келген соң президенттин администрациясында штабдын жыйынын өткөрөт.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн мурун, 1-февралда иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына учуп кеткен. Иш сапарынын алкагында Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышмак.

Количество просмотров: 109