• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындады

23 Кулжа 202112:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерди колдошу керектигин билдирди. Ал бюрократия кылып, ишкерлердин ишин создуктурган чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.

“Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот. Министрлер ишкерлерге “мына шарт түзүп берейин” деп турушу керек. Антпесек биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Министрликтерде ишкерлердин айлап-жылдап бүтпөй жаткан кагаздары дагы деле жатат. Эски заманды унуталы. Бюрократия мындан ары да улана берсе, чиновниктер иштен кетет, керек болсо камалат”, — деди Жапаров.

Садыр Жапаров ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат.

Количество просмотров: 224