Бүгүн президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 70 пайыз эл катышат деген үмүтүм бар эле, бирок 37 пайызга жетпеген шайлоочу катышканын айткан.
Президент делегаттарга кайрылып, «Силердин араңардан ким шайлоого катышты?» — деп сураган, залда олтургандар колдорун көтөрүшкөн.
«Кол көтөрбөгөн бир дагы адам жок», — деген президент, катчылыктын кызматкерлеринен Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу 700 адамдын аттарын текшерип, шайлоого катышуу жөнүндө ким калп айтканын билүүсүн сураган болчу.
Көп өтпөй президент фейсбук баракчасына пост жазып «IV Элдик Курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр» деп билдирди.
«Төртүнчү Элдик Курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим. Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Баардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем. Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү Элдик Курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет», — деп жазды президент.