• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров калктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүн тездетүүнү тапшырды

12 Теке 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүн тездетүүнү тапшырды.

Президенттин администрациясынын, Министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине — медициналык, социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине — билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Диний кызматкерлерге, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.

Садыр Жапаров жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда 847 убактылуу эмдөө пункту ачылды. Калктын 70% же 2 млн 187 миң 417 жаран вакцина алышы керек.

Өлкө боюнча 599 мамлекеттик медициналык мекеменде, 10 жеке медициналык мекеменде, 100 жеке билим берүү мекемесинде, 12 соода борборлорунда, 12 маданий жана спорт мекемелеринде, 30 базарда эмдөө пунктары ачылган.

Ал эми Бишкек жана Ошто вакцина саюу күнү-түнү иштейт.

Количество просмотров: 98