• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишимбаев сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

6 Бугу 2024 18:02 Бишкек Govori.TV

6-майда Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жана аны менен кошо айыпталып жаткан тууганы Бахытжан Байжанов сотто акыркы сөзүн сүйлөдү.

Бишимбаев калыстар тобунан «объективдүү жана калыс болууну» суранды.

Соттолуучу соттогу акыркы сөзүн барактан окуду.

«Менин аракетим мен сүйгөн адамымдын өлүмүнө, анын ата-энесинин кайгысына себеп болду», — деди Бишимбаев. Ал аялынын өлүмүн каалабаганын жана мындай жыйынтык болорун ойлобогонун билдирген.

Ал өкүнгөнүн дагы бир жолу кайталады.

«Мен эч кимге өлүм каалабаганымды, каалабай турганымды так билем. Ошол күнү кечинде мен аялымдын өлүмүн каалаган эмесмин. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин», — деди Бишимбаев.

Бишимбаев сот арачыларына кайрылып, аларды «социалдык тармактардагы үгүттүн жетегине алынбоого» чакырды. Айыпталуучу Салтанаттын өлүмүнө тиешеси бар экенин, анын өлүмүнө күнөөлүү экенин бирок атайылап өлтүрбөгөнүн айтып, жоопкерчиликти тартууга даярдынын билдирди.

Судья кийинки соттук отурум 10-майда болорун билдирди.

Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган.

Количество просмотров: 228