• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Мадумаровдун апелляциялык арызы артка кайтарылды

6 Бугу 2024 16:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызы артка кайтарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиктен” ушундай чечим кабыл алынган.

Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берген.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. 

 26-апрелде саясатчы Мадумаров камактан чыккан.

Количество просмотров: 113