• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Жапаров: Кара-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду

23 Жетинин айы 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, комбинат жакынкы күндөрү кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөнү турат.

«Дагы башка кендерди өз күчүбүз менен иштетүүгө белсенип жатабыз. Карба-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Инвесторлор сөзүнө турбай койду. Өздөрүнүн дагы ички маселелери бар. Азыр атайын администрация иштеп жатат», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 119