• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров кармалган активист Аспеков боюнча жооп берди

10 Үчтүн айы 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө жубайы менен келди. Добуш берген соң талапкер журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Алардын арасында Садыр Жапаровго жакында УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспеков тууралуу суроо узатылды.

Белгилей кетсек, Аспеков талапкер Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп келгени айтылган.

Жапаровдун кармалган Аспеков буга чейинки акча талап кылуу тууралуу чыгып кеткен маалыматтардан улам алардын өкүлү болбой калганын айтты.

«Мен бул тууралуу кечөө уктум, ким болбосун менин таанышым болобу, бир тууганым болобу, жакынымбы? айтор кылмыш кылгандардын баары мыйзам чегинде жооп берүүсү керек», — деди ал.

Эске салсак, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде ири суммадагы акча опузалоо факты боюнча (Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту) сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө М.А. жана У.Д. аттуу жарандар «Кыргыз темир жолу» ишканасы Каржы полициясы тарабынан текшерилиши мүмкүн экенин жана аталган ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурушарын айтып, коркутуп, 250 миң доллар талап кылышкан.

М.А. жана У.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктамакчы.

Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошотуп алышкан. 16-октябрь күнү өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Бир ай өтпөй, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындап, аны менен кошо Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү максатын билдирген. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилерин айткан. Кыска убакытта Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору жазылган.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.

Президенттик орунга 17 талапкер ат салышууда.

Количество просмотров: 566