• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров карызды төлөй албасак айрым объектилерди башкаруу бөлөк бирөөнүн колуна өтөрүн айтты

29 Кулжа 2022 17:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат. Анда өкмөт башчы тышкы карызды төлөө бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын белгиледи.

«2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда экспорттук-импорттук банк кайсы башкаруучу компанияны киргизсе ошого өтөт. Биз ошондуктан ушундай моюнга илинген жиптен кутулуубуз керек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 1405