• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушууга катышты

25 Бирдин айы 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы маселесин кеңири талкуулады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы Биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

Белгилесек, быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Количество просмотров: 111