• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

29 Үчтүн айы 2024 15:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул максаттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып, боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Мурат Нуртлеу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттин экономикалык жана институционалдык өнүгүүсү боюнча алган курсу оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, Казакстанда боордош Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты толугу менен колдошот.

Жолугушуунун аягында тараптар боордош элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелердин мындан ары ырааттуу жана жемиштүү өнүгүшүнө ишенимин билдиришти.

Количество просмотров: 69