• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Казакстанга барды

23 Аяк оона 202311:39 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 94