Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдиргенин «Кабар» жазды.
Маалыматка караганда, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.
Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн жана бир катар пландалган иш-чараларга катышат.