• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров келсин! Депутаттар кышка даярдык маселесин карабай коюшту

28 Аяк оона 2023 12:46 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маселе бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин түшкө чейинки күн тартибинен алынды. Эгер түштөн кийинки отурумга өкмөт башчы Акылбек Жапаров катыша турган болсо, анда маселе күн тартибине кайра киргизилип, талкуу башталары айтылды.

Энергетика министрдин маалыматынан соң бир катар депутаттар маселени күн тартибинен алып салууну сунушун беришти.

Жыйынга катышкан президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттө атайын келбей коюу деген ою жок экенин билдирди.

“Вицелерден Бакыт Төрөбаев Кытайда дүйнөлүк транспорттук форумда, ал эртең келет. Адылбек Касымалиев Москвада Евразиялык комиссиянын чогулушунда. Акылбек Жапаров командировкадан кечээ келди. Бир аз ооруп, температура болуп жаткан экен, ага карабай бүгүн жумушка чыкты. Азыр эл аралык форумда отурат”, — деди ал.

Количество просмотров: 377