• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө бир катар талаптарды койду

29 Тогуздун айы 2020 17:35 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн жаңы курамынын алгачкы жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө бир катар талаптарды койду.

Жапаров фармкомпаниялар кайсы дарыны качан, канча көлөмдө алып келери боюнча толук маалыматтар берилиши керектигин айтты.

«Монополияга каршы агенттик дарынын баасы бардык аймактарда бирдей болушун камсыздасын. Кандай жагдай болбосун вируска даяр болушубуз керек. Ооруканалар, стационарлардын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн, дары-дармек запастарын, аппараттардын иштешин жана жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү деңгээлде болуусун катуу көзөмөлгө алуу керек», — дейт өкмөт башчы.

Жапаров өкмөт мүчөлөрүнө койгон талаптары:

• Саламаттык сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары вирустун күч алышына каршы даярдыктарга өзгөчө көңүл буруу;
• Министрлер, өкмөт мүчөлөр, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү жана акимдердин иши бир дагы графиктен артта калбасын;
• Бишкек, Ош жана башка бардык аймактарда жылытуу системалары 100%га даяр болсун;
• Ар бир аймактагы көмүрдүн баасы, запасы сатылуучу пункттар боюнча коомчулукка жума сайын маалымат берилип турсун;
• Электр энергия, газ үзгүлтүккө учурабасын;
• Тийиштүү вице-премьерлер өзү тейлеген тармакты катуу көзөмөлгө алсын.

Количество просмотров: 149