• Ишенби 16 Тогуздун айы 2021

Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат

15 октября 2021 в 9:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар Кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйын Беларусь Республикасынын төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Шериктештик алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынаары пландалууда. Негизинен, Шериктештиктин 30 жылдыгы боюнча, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча, миграция тармагындагы кызматташтык, Шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо, ошондой эле башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер.

Количество просмотров: 48