• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

13 Аяк оона 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты.

«Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.

Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды», — деди Султанбаев.

Ал кошумчалагандай, ошону менен бирге президент бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.

Количество просмотров: 275