• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

 Жапаров коомдогу талкуулар боюнча билдирүү таратты

21 Теке 202612:21 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады. Анда Кыргызстандын аймагы 15 миң гектарга кеңейгени, тышкы карыз ИДПнын 39 пайызына чейин төмөндөгөнү жана инвестицияларды тартуу өлкөнүн өнүгүшү үчүн аба менен суудай зарыл экени баса белгиленди.

«Урматтуу мекендештер!

Акыркы күндөрү жер маселеси, тышкы карыз, чет өлкөлүк туристтер жана энергетика боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар токтобой жатат. Ушул маселелерге байланыштуу нерселерди так айтып коюуну туура көрдүм.

Жер маселеси боюнча:

2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы чакырым же 19 миллион 994 миң гектар болгон. Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин жерибиз 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактар.

Өлкөбүздө жалпы 6 миллион 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 миллион 82 миң гектарын элибиз жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат.

Анын 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчиктеги жерлер. Ал эми бүгүн инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкөбүздүн аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт! 1 пайыз дагы эмес, 0.1 пайыздан ашпайт!

Ошол жерлерге эмнелер курулуш керек эле?

Завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык объектилер, туристтик комплекстер жана башка өндүрүш ишканалары курулуш керек эле. Бирок башка багытка пайдаланып кетишкен.

Ал жакка жүздөгөн миллион, айрым долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция салынып, миңдеген жумуш орундары түзүлүшү керек болчу.

Ишканалар мамлекетке салык төлөп, экономикабызга кызмат кылыш керек эле. Тескерисинче, жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон-колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык. Ошондуктан ушундай жерлерди жөнгө салуу үчүн бул мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатат.
Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун.

Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын.

Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет.

Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0.1 пайызына жетпеген жерлерди кара пиар кылып, «Кыргызстандын жерин сатып жатышат» деп элди дүрбөлөңгө салбагыла.
Биз жерлерибизди сатпайбыз.

Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла.

Биздин максат — жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү.

Завод курулса — элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса — ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса — аймак өнүгөт.

Электр станциялары курулса — өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот.

Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек.

Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду «жер сатылып жатат» деп манипуляция кылууну токтоткула!

Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт.

Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек.

Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу.

Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары,
инвестиция жана күчтүү экономика керек.

Айылдарда жер тамдары салууга жер бербей жатат деген маселе боюнча:

Айылдарда жер там салуу үчүн жер тилкелери жокко эсе. Мисалы 500 түтүн жашаган айылда эле 200 үй-бүлө (жаштар) жер алуу үчүн кезекте турушат. Ошондуктан мамлекеттик саясатты туурасына карай эмес, бийигине карай өстүрүүгө бурулууда. Айылдарга 3-5 көп кабат үйлөрдү кура баштадык. Жакын арада жеке өзүм барып айылдарда да көп кабат үйлөрдө жашаса болорун далилдеп, толук маалымат берем.

Тышкы карыз боюнча:

Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин.

Ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына (ИДП) карата өлчөнөт.
Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат.

Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен.
Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек.

Темир жол боюнча:

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу бүтсө биз туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Кытай менен дүйнөнүн ортосун биз бириктиребиз.

Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып толук көз карандысыз өлкө болобуз.

Экинчиден, транзит үчүн бүгүн “Кумтөрдөн” алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз.

Экинчи “Кумтөр” болот десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз.

Темир жолубуз да туюк, авто жолдорубуз да туюк. Анан албетте, товарларды экспорт-импорт кылуунун баарынан көз карандыбыз.

Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Себеби өзүбүз салабыз деп олтура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз.

Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп
кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз.

Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп. Арасында өзүбүздүн ички терс күчтөр да бар.

Бирок биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз туман болуп калат. Ошондуктан акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Адашып калышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин.

Туристтер боюнча:

Эгер 2020-2021-жылга чейин өлкөбүзгө 2-3 миллион турист келип жүргөн болсо,
бүгүн туристтердин саны 13 миллионго жетти.

Бул эмнени билдирет?

Бул деген экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп аткандыгын, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет.
Биз 7 миллион эле калкпыз.

Эки эсе көп турист келди деген сөз, ИДПнын өсүшүнө 4-5 пайыз кошумча болду деген сөз. Дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн мамлекетине туристерди чакырып, жарнама кылыш үчүн миллиарддаган каражат колдонушат. Бизге болсо туристтер өздөрү агылып келип жатканына сүйүнүшүбүз керек.

Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген сөз ар бир турист ар бир Кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп кетти деген сөз. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык курулушта иштегиңер келбесе дагы туристерди тосуп гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула.

Энергетика боюнча:
Эгемендик алгандан бери Камбар-Ата — 2 ГЭСинин жападан жалгыз
бир агрегатын ишке киргизиптирбиз.

Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз. Бүгүнкү күндө беш жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди ишке бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Бирок дагы деле дефицит болуп келген энергияны жаба элекпиз. Себеби күндөн-күнгө, айдан-айга энергия талабы өсүп келе жатат. Завод-фабрикалар, соц обьектилер, үйлөр курулуп жатат.

Кудай буюрса, алдыда дефицитти жабабыз деген планыбыз бар. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

Энергетика маселеси боюнча бүгүнтөн баштап энергетика министри жалпы коомчулукка күнүгө кенен маалымат берип турат», — деп жазды өлкө башчысы.

Количество просмотров: 68