Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.
Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
— Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;
— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ушул жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.
Эске салсак, 2014-жылы Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун алкагында Коргоо министрлиги жоюлуп, Башкы штаб Куралдуу Күчтөрдү башкаруу боюнча бирдиктүү орган катары түзүлгөн.