• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси

15 Бештин айы 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

 «Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!», деп билдирди президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда.

Мамлекет башчысы чогулган делегаттардын астында сүйлөп жатып, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган», — деди президент.

Садыр Жапаров узыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө. Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек! Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу», — деди мамлекет башчысы.

Президент өз сөзүндө кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбай тургандыгын билдирди.

«Мындан тышкары, айрым аткаминерлер тарабынан дагы деле инвесторлордун ишине тоскоолдук, паракорчулук, лоббизм байкалууда. Бул көрүнүштөрдүн баары өлкөнүн имиджине зыян келтирет. Ошого байланыштуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!

Өлкөбүздө укук коргоо жана соттор арасындагы коррупцияны жоюу боюнча да күрөш жүрүүдө. Буга чейин жүргүзүлүп келген реформалар жетишээрлик натыйжа бере элек. Айрым мыйзамсыз аракеттерди тымызын жасаган кызмат адамдарын жоопко тартуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок коррупцияга каршы күрөш биздин приоритеттүү багытыбыз болгондуктан, ал тынымсыз улантылат! Өткөн айда эле менин Тескемем менен 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү», — дейт президент.

Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилип, жумушчу топко коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

«Сот жана прокуратура органдары сот адилеттүүлүгүнүн жана мыйзамдуулуктун кепили болгондуктан, өлкөдө сот адилеттүүлүгү жогорку деңгээлде жүргүзүлүүсү жана мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн кызмат кылышы керек. Акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишениши керек», — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда II Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Количество просмотров: 79