• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров кумарканалар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады

21 Чын куран 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы „кара пиар“ жасап жатышат», — деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Бирок үч-төрт депутат адашып «ооба» деп добуш берип алганын айтышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров кесиптештерин бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал аталган мыйзам долбоорун мусулмандардын ыйык орозо айында кароо — диний ишенимди басмырлоо болорун белгилеп, кайрадан добуш берүүгө чакырды.

Количество просмотров: 415