• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Кумтөр кени боюнча эл аралык арбитраждык сотто утабыз

16 Жетинин айы 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйыны өттү. Отурумда сөз сүйлөгөн өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан Кумтөр кени боюнча эл аралык арбитраждык сотто утуп чыгаарын айтты.

«Кумтөр» боюнча соттошуп жатабыз. Бул боюнча дагы эл аралык соттон утабыз. Анткени арбитраждык сотто дагы экология менен мөңгүлөрдүн талкаланышына жүрөгү менен күйгөн адамдар отурат. Фактыларды алып барсак алар бизге туура чечимди чыгарып беришет. Андан дагы жеңип чыгабыз деген толук ишенимибиз бар», — дейт Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 151