• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров «Кумтөрдүн» 30 жылдыгына арналган аземге катышты

19 Тогуздун айы 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

“Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, «Кумтөр»алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөр айтылды:

“Урматтуу мекендештер!
Ардактуу жалпы кыргызстандыктар!
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу катышуучулары!

Кыргызстаныбыздын ырысына жаралган “Кумтөр” кени иштей баштагандан бери 30 жыл өтүп, бүгүн мынакей мааракелүү датасын салтанаттуу түрдө белгилеп отурабыз.

Биздин экономикабызда орчундуу орунду ээлеп, чоң салым кошкон бул компаниянын 30 жылдыгында жалаң мактоо-куттуктоолор айтылып, маңдайыбыз жарыла кубансак болот эле, бирок, бүгүн кубанычыбыз менен кошо, тилекке каршы, өкүтүбүз да болуп турат.

Мунун себептерин, албетте, баарыбыз эң жакшы түшүнөбүз.

Тилекке каршы, кезинде “Кумтөр” долбоорунун иши Кыргызстандын эгемендик тарыхында чыр-чатак, алдамчылык жана шылуундук менен коштолуп, чет элдиктер менен өлкөбүздүн бир ууч аткаминерлерин гана байыткандыктан улам «кылым аферасы» атыгып, коррупциянын символуна айланып калган эле.

Эсимде, “Кумтөр” кенине мындан туура 21 жыл мурун, 2002-жылы алгач ирет барган элем. Ошондо Кыргызстандын ири кениндеги иштин жайын байкап, каңырыгым түтөп, жүрөгүм сыздады эле.

Ошол күн, ошол убакыттан тарта “Кумтөр” үчүн, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн улуу күрөшүм башталган. Ошондон тартып, башкы мүдөөм, максатым — элдин байлыгын элге кайтарып берүү болуп, оомал-төкмөл саясатка башымды сайып, кандай оор, кандай кыйын күндөр өтсө дагы, андан баш тартпай көп жылдык өмүрүм өттү, десем болот.

2005-жылы биринчи жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенимде көтөргөн алгачкы маселем дагы “Кумтөр” көйгөйү болгон.

2010-жылдан кийинки депутаттык ишмердүүлүгүмдө да “Кумтөр” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы катары кенди мамлекеттин ээлигине алууга катуу аракет кылдык. Ошол учурда өлкө тагдырын, өлкө экономикасын жаңы нукка бурууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле.

Тилекке каршы, ошол кездеги бийлик өлкө келечегине эмес, жеке келечегине кам көрүп, алтын мафиясынын сөзүн сүйлөп туруп алды. “Кумтөр”, жок дегенде, ошол 2012-жылы эле мамлекетке өтүп калганда, экономикалык абалыбыз азыр алда канча жакшырып, бакубатчылыгыбыз мындан да кыйла артып калмак.

Бирок “эч болгуча, кеч болсун” демекчи, акыры “Кумтөр” элге кайтарылды, мамлекеттин ээлигине өттү. Айрым саясатчылар үмүтүн үзүп, ишенгиси келбей, куру кыял, деп кол шилтеп келген бул иш – бүгүнкүнүн чындыгына айланды. Калың элдин акыйкат койгон талабын орундатып, тарыхый адилеттүүлүктү орното алдык!

Менин «Саясаттагы он жыл» аттуу китебимде: «Менин күрөшүм — ички-тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип, элдин энчисин жана жерлерибизди тарттырып жибербей, өз милдетибизди так аткарып, мамлекетибизге кандай гана болбосун жакшылык алып келишибиз керек!» деп айтканым акыры иш жүзүнө ашты, десем жаңылышпайм.

«Кумтөрдүн» улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталды, десек болот.

Мурда саналуу чиновниктер өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигин канатына калкалап, натыйжада, коррупциялык система түзүлүп калган эле.

Кыргызстандын түбүнө жеткени калган ал системага бийликтин бутактары, өкмөттүк структуралар да аралашып алган болчу. Азыр анын баары жоюлуп, Кыргызстан оңолуунун жана коррупциядан арылуунун жолунда!

Элден айланса болот, калың элдин колдоосу, зор ишеними жана командабыздын талыкпаган эмгегинин аркасында улуттук байлыгыбыз – “Кумтөр” бүгүн мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.

Буга чейин айтылып келген “Кыргызстан кенди өз алдынча иштете албайт, мындай татаал өндүрүштү алып кете албайт” деген куру сөздөргө да татыктуу жооп бере алдык. Анткени Кыргызстанда кен иштетүү багытындагы жогорку квалификациялуу жана тажырыйбалуу кадрлардын катары жетилип калган эле.

Алардын намыскөйлүгүн жана өжөрлүгүн бүгүнкү мааракеде өзгөчө баса белгилегим келет.

Учурда “Кумтөр” ишин бир мүнөт да токтотпой, алдына коюлган пландарын так аткарып, кенди андан ары өнүктүрүү боюнча стратегиялык максаттарын ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

2022-жылдын жыйынтыгы менен 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, 32,2 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрүн төгүштү. Таза киреше 371 миллион долларды түздү. Эми мындан ары “Кумтөр” эле эмес, Кыргызстандагы баардык кендерди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз иштетебиз.

Албетте, алардан түшкөн кирешелер дагы жалпы элдин керегине, муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорго жумшалат.

Кен-байлыктарыбызды иштетүүдө сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдар дагы кабыл алынганын билесиздер.

Бул актылар мамлекет үчүн дагы, инвесторлор үчүн дагы ыңгайлуу келип, өз ара пайдалуу шартта кызматташуунун негизи болуп бермекчи.

Баса, “Кумтөр” кыргыз экономикасына жаңы дем гана бербестен, Кумтөр долбоору боюнча талаш-тартыштардын тынчтык жолу менен чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестициялар үчүн жагымдуулугуна да оң таасирин тийгизди деп айтаар элем.

Буга акыркы жылдары тартылган инвестициялардын көлөмүн, эл аралык каржы өнөктөштөрүбүздүн бизге берген оң баасын мисал кыла алабыз.

Демек, бул — мамлекетибиз түз жолдо, туура нукта бара жаткандыгынын дагы бир далили.
“Кумтөр” кени алдыда дагы көптөгөн жылдар бою мамлекетке кызмат кылат. Бул багытта геологиялык чалгындоо, изилдөө, модернизациялоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Кийинки жылдары “Тоголок”, “Жангарт” өңдүү жаңы кендерди “Кумтөр” өзү өздөштүрөт.

Буюрса, “Кумтөрдүн” келечеги алдыда! Себеби, биздин философия жөнөкөй: Кудайдын буйругу, эл-журттун эрки менен бийликте тургандан кийин эл үчүн жан үрөп кызмат өтөө!

Компаниянын 40, 50 жылдык мааракелеринде Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деген ишенич зор. Анткени биз “Кумтөр” сыяктуу эл байлыгын элге иштетип, коррупцияга, криминалга чечкиндүү сокку уруп, көмүскөгө айланган баардык каржыларды ачыкка чыгарып жатабыз. Жыйынтыктарын көрүп жатасыздар.

Айлык акы, жөлөк пулдар эселеп көбөйдү.
Өз каражатыбызга кубаттуу, заманбап аскердик техниканы сатып алып, өлкөбүздүн коопсуздугу бекемделди.

Жаңы мектептер, бала-бакча, жолдор салынууда.

Бул алгачкы эле мезгилдеги жыйынтыктар. Кийинки жылдардагы ийгиликтерибиз мындан да артып, таштаган кадамдарыбыз мындан дагы ишенимдүүрөөк болот.

Урматтуу “Кумтөрдүн” күжүрмөн кызматкерлери – ардактуу маараке ээлери!

“Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы.

Бул иште сиздердин салымыңыздар чоң. Сиздер ошол кыйчалыш кырдаалда, тагдыр чечүүчү тарыхый учурларда алтын казуу иштерин үзгүлтүккө учуратпай, кенди татыктуу иштетип, улантып кеттиңиздер. Мындай мээнетти биз ар дайым жогору баалайбыз.

Ишиңиздерди ар дайым ийгилик коштоп, жакындарыңыздар менен жалаң жакшылыктардын гана күбөсү болуп жүрүңүздөр.

Адал эмгек, ак кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Мааракеңиздер кут болсун!

Количество просмотров: 118