Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине кезектеги маек куруп, никабга, паранжага байланыштуу пикиринен кийинки талкууга жооп берди. Журналист мамлекет башчынын комментарийинен кийин айрымдар Кыргызстанда анын тушунда кумарканага уруксат берилгенин эске салып жатышканын жана казинолор ачылгандагы жагдай тууралуу сураган.
Садыр Жапаров Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин өлкөгө инвесторлор келип, 10дой беш жана жети жылдыздуу мейманкана курулуп жатканын белгиледи.
«Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз. Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек», — деди мамлекет башчы.
Мындан сырткары Жапарав инвесторлор “Достук”, “Саякат”, “Ак кеме” мейманканаларын беш жылдыздуу кылып куруп, Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн жер сурап жатышканын айтты.
Мамлекет башчынын белгилешинче, өлкөдө 3 кумаркана иштеп жатат.
Жапаров кыргыз жарандары киргени аныкталган казино дароо жабыла турганын кошумчалады.