• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтөт

1 Жалган куран 2021 16:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Казакстандын «Казинформ» агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирди.

«Бизде 30 жылдан бери жемкорлуктун тамыры тереңге кеткен. Кыргызстан боюнча 300 адам менен алардын үй-бүлөлөрү гана абдан байып кеткен. Ошонун айынан үч ирет революция болду. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби – таза эмес, адилетсиз шайлоолордон улам чыкты. Ошондуктан, биз буга чейинки президенттердин катасын кайталабай, таза шайлоо өткөрөлү дедик. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор да болот, референдум өтөт. Аны да өткөрөбүз. Андан кийин күздө парламенттик шайлоо болот. Биздин мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Мыйзам президенттен баштап кетмен кармаган дыйканга чейин — баарына бирдей болушу керек. Азыр биз ошол мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз», — деген ал.

Маек 1-мартта жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга 2-3-мартта боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген.

Количество просмотров: 366