• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбойт

15 Жалган куран 2021 22:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди.

Өлкө башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду.

«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, Абдил Сегизбаевге кылмыш иши ал президенттик шайлоодо талапкер болгонго чейин эле козголгон. «Андан тышкары да Сегизбаевге 5-6 иш ачылган», — деди Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 26-январда Сегизбаев «Белизгейт» чыры боюнча кармалып, эки айга тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, анын ичинде кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин кабарлаган.

Сегизбаев өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып, ага каршы козголгон кылмыш иштерин бийликтин куугунтугу катары баалап келет.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 110