Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Анда Жапаров «Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет” деп билдирди. Президент Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүү үчүн кыргызстандыктар зор салым кошконун белгиледи.
“Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз. Бул Улуу Жеңишке сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров согуш жылдарында башка республикалардан жүз миңдеген адамдар Кыргызстандан түнөк таап, камкордукка алынып, көпчүлүгү калып калганын кошумчалады.
Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Жеңиш майрамынын 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Анда өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилди.