• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

13 Бугу 2021 10:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 13-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчынын куттуктоосунда Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдардын бири экени айтылат. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алары белгиленген.

«Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү. Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем», — деди президент.

Количество просмотров: 60