• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчисине «Достук» орденин тапшырды

9 Тогуздун айы 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат.

«Кыргызстан Cиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелеринин абалынын эң жогорку деңгээлине, атап айтканда соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык байланыштардын жана башка тармактардын чыңдалышына канааттануу менен басым жасап, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чындап эле ынак коңшулук, достук мамилелердин айкын далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Ду Дэвэнь КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын айтты.

Элчи көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ду Дэвэнь белгилегендей, бул сыйлык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошууга жана мындан да көп берилүү менен иштөөгө шыктандырат.

Ал кытай тарап Кыргызстандын КЭР менен мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканына басым жасады.

«Кыргызстан Кытай үчүн — жакшы кошуна, жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бардык тармактарда өнүктүрүүгө дайым даярбыз», — деп кошумчалады элчи.

Количество просмотров: 97