• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет

11 Үчтүн айы 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

«10-январда кыргызстандыктар мамлекет башчысын жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандады». Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында шайлоочуларынын алдында сүйлөп жатып билдирди.

«Оор жүктүн салмагын сезип турам. Мага Кыргызстан оор убакытта тийди. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет. Карызга баткан өлкөбүздү мекен үчүн деп каржала иштеп, өнүктүрүшүбүз керек. Кыргызстан бизге ата-бабалардан мураска калган»-деди Жапаров.

Жапаров президенттик шайлоодогу атаандаштарына да ыраазычылык билдирип, алардын саясатта кадыр-баркы, тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ал атаандаштарын мекенди өнүктүрүү максаты үчүн сыйлай турганын айтып, ар бир атаандашы менен кеңешип, баарлашууга чакырарын кошумчалады.

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өтүп жатат. Анда айрым эстрада ырчылары концерт беришүүдө.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Количество просмотров: 54