• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

22 Аяк оона 2021 12:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болду.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, президент быйыл Кыргызстан эгемендигин жарыялагандыгынын 30 жылдыгын тосуп жатканын, ал үчүн бул чоң сыймык, ошону менен бирге чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. Ошондой эле тээ байыртан айкөл Манас бабабыз чачылганды жыйып, үзүлгөндү улап отуруп, кырк уруу кыргыз элине бир катар улут өкүлдөрүн кошуп, улуу журт түзгөнүн айтты. Ошол улуу журтту Барсбек каган, орто кылымдардагы Курманбек, Эр Табылды, Эр Солтоной сындуу эл баккан бабаларыбыз, кечээки эле тарыхтагы Ормон хан, кийинки Алымбек датка, Байтик баатырлар көздүн карегиндей, ыйык тумарындай кылып бири-бирине өткөрүп келишти.

«30 жылдык эгемендиктин башаты 20-кылымдын соңуна барып такалса, ошол 20-кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Кыргыз эли ырыс-кешиктүү эл. Мына ошол ырыстуу элдин маңдайына жок болуп кетүү коркунучунан сактап, мамлекеттүүлүгүбүздүн жаңы доордун шартында түптөлүшүнө, калыптанышына жана өнүгүшүнө Жусуп Абдрахманов сындуу бир катар улут көсөмдөрү жазылыптыр. Журт бактысына жаралган мыктыларыбызды ошол кездеги бийлик ар кандай жалган жалаалар менен ак жеринен күнөөлөп, өлүм жазасын беришкени мына кадимки тарыхта жазылуу.

Анткен менен уюткулуу элибиздин учу куру болбой, улам жаңы, чыгаан урпактары менен толукталып турган. Алардын бири Улуу Ата Мекендик согушта Берлинди алганга чейинки кан майданды башынан өткөрүп, Рейхстагды алуудагы эрдиги аңыз кепке айланган, андан кийин мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын татыктуу басып өтүп, өз кезегинде өкмөт башчылыкка чейин жеткен мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүмбаев», — деди президент.

Ал Акматбек Сүйүмбаев Кыргыз ССРынын Министрлер советинин төрагасы кызматында иштеген жылдары кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө, маданиятын арттырууга жана республиканын социалдык-экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошконун айтып берди.

«Ошол эле маалда жөнөкөй, ары иштерман, мыкты уюштургуч жетекчи тууралуу артында далай жакшы сөз калат экен. Акматбек Сүйүмбаевдин карапайым эл менен камыр-жумур аралаша иштеген министр болгонун замандаштары эскерип кетишкен экен», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-интеллектуалдык өзгөрүүлөр менен өнүгүүнүн сап башында турган Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин кылымга тете эрдиктерин баалоо чоң сыймык экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекетибиздин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу — өтө маанилүү тарыхый окуя.

«Ошол оомал-төкмөл, оош-кыйыш мезгилде кара башын сайып, майтарылгыс саясий эрк көрсөтүп, мамлекеттүүлүктү түптөп, эл жүгүн аркалап, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол чапкан журт аталарынын мурасын баалап, өрнөгүн улоо мойнубуздагы ыйык милдет деп билем», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда болуп, күн-түн дебей бейтаптарды ажалдан арачалап калган медицина кызматкерлеринин кескипкөйлүгүн жогору баалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, пандемия учурунда кыргызстандыктар жаш курагы, кызматы жана абалына карабай өз биримдигин көрсөтүштү.

Анткен менен, Садыр Жапаровдун айтымында, коронавирус өлкөнүн медицина тармагындагы чыныгы абалды ашкерелеп, ага мамлекеттик колдоо зарылдыгын көрсөттү.

Президент медицина тармагына көңүл буруу жаатындагы иштерди токтоосуз колго алуу боюнча жарлыктарга кол койгонун айтып, улуттун саламаттыгына, демек, өлкөнүн саламаттыгына түздөн-түз тиешеси бар саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүн колдоо саясатын жүргүзүү зарылдыгынын маанисин белгилеп, бүгүнкү иш-чараны мисал келтирди.

Аны менен бирге мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чарадагы өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө, илим-билим тармагына олуттуу салым кошкон, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери менен айырмаланган мекендештерибизди белгиледи. Бул инсандар айыл чарбасында, жол тармагында, спорт мектептеринде, жеке ишкерликте талбай иштеп, таман акы, маңдай тер менен ак кызмат кылып келе жатышат.

«Мамлекеттик сыйлыкка татыган мекендештерибиздин катарын бүгүн билим берүү тармагында — мектептерде алгылыктуу иштери менен өзгөчөлөнгөн инсандар да толуктап отурат. Дүйнө өлкөлөрү билим берүүгө, илимге орчундуу көңүл буруу менен өнүгүп жаткан маалда жаш муундарга билим берүү милдетин аркалаган агай-эжейлерибиздин орду бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү. Себеби, пайдубалы канчалык бекем курулган үй ошончолук бекем, ошончолук узакка тургандай эле, өлкөбүздүн пайдубалы, келечеги болгон жаштарга сапаттуу билим берүү менен сүйүктүү мекенибиз — Кыргызстанды ошончолук бекемдеп, ошончолук өнүктүрө алабыз», — деп сөзүн улады президент.

Ошону менен катар, Садыр Жапаров мекендештерибиздин адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Президенттин айтымында, алардын тынымсыз иш-аракеттеринин аркасында Кыргызстан укук коргоо жаатындагы ишмердиги менен бир топ мамлекеттерден айырмаланып турат.

Ал мамлекетке жумушчу орундарын түзүүдө жардам берген ишкерлердин, айыл чарба, өнөр жай, туризм тармактарында иш алып барган жарандарыбызды өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, ишкерлер дагы аймактардын өнүгүүсүнө салмактуу салым кошууда.

«Сөзүмдүн акырында Эгемендикке ээ болуп, өз алдынча өнүгүүгө багыт алган учурда кыйынчылыктарга карабастан, жогоруда санап өткөн тармактарда жемиштүү иштеп, натыйжа жаратып, коомго пайда алып келген мекендештерибизге терең ыраазычылык билдирем. Өз тармактарындагы татыктуу ишмердиги үчүн мамлекеттик сыйлык алып жаткан жарандарыбызды дагы бир жолу куттуктайм. Мамлекеттик сыйлыктардын ыйгарылышы эмгегиңиздерди баалоо менен катар сиздерге дем болсун! Ал эми кийинки муун өкүлдөрүнө Мекенге ак кызмат кылуунун мыкты өрнөгү болсун!», — деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Количество просмотров: 271