• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров “Manas Tower 45” мейманкана комплексинин курулушуна капсула салды

14 Жетинин айы 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өлкө тарыхындагы биринчи көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат, аны ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.

«Ондогон кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыз бизге эгемендикти мурас кылган. Өз кезегинде өсүп келе жаткан муун керемет Кыргызстаныбызды аздектеп, сакташы керек. Биз бабалардын аманатын аткарып, өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет куруп, урпактарга өткөрүп берүү боюнча асыл максаттарын аткарабыз деп бекем ишенебиз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент баса белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкөбүздө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштады. Мамлекеттик саясатыбыз кайсы гана тармакта болбосун, инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алды, бул үчүн ар кандай преференциялар — жеңилдиктер берилүүдө.

Ал өлкөбүздө ички туризм менен кошо тышкы туризм да өсүп жатканын кошумчалады. Бизнес жана ишкерлик жаатындагы кызматташуунун географиясы да кеңейүүдө. Булардын натыйжасында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын саны артууда. Мындан тышкары, көптөгөн эл аралык иш-чаралар, саммиттер жана конференциялар өткөрүлүүдө. Мындай шартта мейман күтүүдө жана тейлөөдө жогорку жана сапаттуу деңгээли бар эс алуу жайларына суроо-талаптын өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.

Мамлекет башчысы мейманкана-комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыбызга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарттары менен жайлуу бир имарат болот деген ишенимин билдирди. Мейманкана өнүгүү жолундагы өзүнчө бир уникалдуу жана таанымал имараттарынын бири болот. Ошондой эле Садыр Жапаров мейманкананын тегерегинде дагы чоң-чоң имараттар курулуп, шаар элине жана конокторубузга дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөткөн комплекстер, борборлор өсүп чыгарына толук ишенет.

Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тикучак аянтчасы жана панорама аянтчасы калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкек шаарыбызга алаканга салгандай көз чаптырып, анын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулай турганын билдирди.

Комплексте ошондой эле соода түйүндөрү жайгашып, калкты иш орундары менен камсыз кылат.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда Кыргызстандын борборуна гүлдөп-өнүгүүнү, чет жерден келген меймандарды суктандырган имарат-жайларыбыздын көп болушун каалады!

Количество просмотров: 74