• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Матраимов боюнча иш уланат

13 Бирдин айы 2021 23:35 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча териштирүү уланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

«Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн мойнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз», — деди Жапаров.

Жапаров УКМК бул боюнча башка өлкөлөргө сурам жөнөткөндүгүн, анын жыйынтыгын күтүп туруу керектигин кошумчалады.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду 260 миң сом айып пул менен бошотуп жибергени коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Количество просмотров: 554