• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти

4 Бугу 2022 7:47 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катышат.

Эске салсак, Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.

Количество просмотров: 289