• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин билдирди

14 Жалган куран 202415:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин билдирди.

13-мартта өткөн жыйында Жапаров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен 12 жылдык окуу системасы жөнүндө учкай талкуулаган.

«Азыр бизде нөлүнчү класстан 11-класска чейин болуп жатат. Эгерде сиз 12 жылдыкты киргизе турган болсоңуз, нөлүнчү жоюлуп, биринчи класс деп эсептелет. Эч айырмасы жок экен. Анда буга макулбуз. Нөлүнчүдөн баштап 12 жылдык болсо, ата-энелер каршы чыкканын билебиз», — деди Жапаров.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда бир миллиондой окуучу билим алат.

Количество просмотров: 103