• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Мен өзүм гана башкарам, досторго, шоопурларга башкартпайм

11 Үчтүн айы 2021 4:03 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттерге өткөрүлгөн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакын санаалаштарынан эч кимди кийлигиштирбей турганын билдирди.

«Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, анализдеп турат. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок, менде андай катачылыктар болбойт. Анткени, биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шоопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм»,- деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 440