• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров менен Арипов 15тен ашуун документке кол койду (Тизме)

10 Жалган куран 2023 16:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Ариповдун ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Алар:

  • Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-чаралардын планы (“Жол картасы”) (2023-жылдын 26-27-январы, Бишкек ш.); 
  • Ташкент шаарында “Made in Kyrgyzstan” жана Бишкек шаарында “Made in Uzbekistan” дүң жана чекене соода жүгүртүү боюнча соода борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү жөнүндөгү “Жол картасы”;   
  • Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү боюнча “Жол картасы”;  
  • “ДТ Техник” жоопкерчилиги чектелген коому (Кыргыз Республикасы), “НУР” ачык акционердик коому (Кыргыз Республикасы) жана “Узавтосаноат” акционердик коому (Өзбекстан Республикасы) ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (SKD) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;   
  • “ДАСТАН” Трансулуттук корпорациясы” (Кыргыз Республикасы) ачык акционердик коому менен “Тошэлектроаппарат” (TOSHELECTROAPPARAT) ачык акционердик коомунун ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим; 
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Узкимеимпекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы көмүрдү жеткирүү (экспорт) боюнча 10 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү келишим;  
  • “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому менен “ЧирчикМашАгро” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ChirchiqMashAgro) ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;  
  • Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;  
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Өзбекстан Республикасынын “Агросервис оператору” мамлекеттик унитарлык ишканасынын ортосунда жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;  
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча комитетинин алдындагы Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;  
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Өзбекстан Республикасынын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агенттигинин Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; 
  • Ак-Моюн айыл өкмөтү, Кара-Моюн айыл өкмөтү, Эмгек-Талаа айыл өкмөтү, Сары-Ой айыл өкмөтү, Учкун айыл өкмөтү, Ак-Кудук айыл өкмөтү жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы “Baxodir Log`on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коому менен (Өзбекстан Республикасы) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн (8 млн долларлык келишимдер);  
  •  Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясы менен “Baxodir Log`on Tekstil” жоопкерчилиги чектелген коомунун (Өзбекстан Республикасы) ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;  
  • “Vision Group” жоопкерчилиги чектелген коому (Кыргыз Республикасы) менен “Mega Farm Service” жоопкерчилиги чектелген коомунун (Ташкент, Өзбекстан Республикасы) ортосунда Кыргыз Республикасында биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (10 миллион АКШ долларына келишим);  
  • “Halmion Prom” жоопкерчилиги чектелген коому (Кыргыз Республикасы) менен “Child Toys Corporation” жоопкерчилиги чектелген коомунун (Ташкент шаары, Өзбекстан Республикасы) ортосунда Кыргыз Республикасында эмеректерди жана желим куурларды, пластмасса буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (3 млн АКШ долларына келишим);   
  • “Тооке ЖТ” жоопкерчилиги чектелген коому (Кыргыз Республикасынын Баткен облусу) менен “SAYQAL” соода-өндүрүштүк ишканасынын (Өзбекстан Республикасынын Фергана облусу) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (500 миң АКШ долларына келишим).
Количество просмотров: 108