• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров менен Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду (сүрөт)

28 Кулжа 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда «Огузхан» Сарайына багыт алды.

Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Количество просмотров: 107