• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров менен Катар эмиринин сүйлөшүүлөрү өттү. Эмнелер тууралуу сөз болду?

7 Кулжа 2023 13:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

“Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар Мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат. Бул мааракелик датаны биздин кадырлуу катарлык досторубуз менен салтанаттуу белгилеп жатканыбыз кубанычтуу. 25 жыл аралыгында Кыргызстан менен Катар ортосунда саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлар жана бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан тышкары, биз Бириккен Улуттар Уюму, Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, шайлоо органдарына өз ара колдоо көрсөтүп келүүдөбүз. Бүгүн биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар түрдүү тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлуп жатканын кубануу менен белгилейм”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Кыргызстан Катар эмиринин чың пейили менен жеке колдоосун жогору бааларына басым жасады.

Өз кезегинде Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани президент Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын баса белгиледи. Быйыл эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленет.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык кеңейерине бекем ишенимин билдирди. Атап айтканда, соода-экономикалык чөйрө, инфратүзүм, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Ошону менен бирге Катар эмири өлкөлөр ортосундагы саясий кызматташтыктын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде Өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи. Ал эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүүсү керектигине басым жасады.

Соңунда Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катар ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү ниетин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Количество просмотров: 57