Бүгүн Жогорку Кеңеш Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун өкмөттүк курамын жактырды.
Ал иштей турган өкмөттүн курамы атылды. Алар:
Садыр Жапаров — Премьер-министр;
Алмазбек Батырбеков — Биринчи вице-премьер;
Аида Исмаилова — Вице-премьер-министр;
Акрам Мадумаров — Вице-премьер-министр;
Бактыгүл Жээнбаева — Финансы министри;
Сабиржан Абдикаримов — Саламаттык сактоо министри;
Таалайбек Темиралиев — Өкмөттүн аппарат жетекчиси;
Санжар Муканбетов — Экономика министри;
Улукбек Кочкоров — Социалдык өнүктүрүү министри;
Эркинбек Чодуев — Айыл чарба министри;
Марат Жаманкулов — Юстиция министри;
Жанат Бейшенов — Транспорт жана жолдор министри;
Чыңгыз Айдарбеков — Тышкы иштер министри;
Каныбек Исаков — Билим берүү жана илим министри;
Азамат Жамангулов — Маданият, маалымат жана туризм министри;
Алтынбек Исмаилов — Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы;
Эмил Осмонбетов — Отун, өнөр-жай жана энергетика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Өкмөттүк курамда мурдагы кызматкерлерден вице-премьер Эркин Асрандиев кызматтан баш тарткан. Ал эми ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев да бул курамдын катарында жок.